Базар, дүкөндөрдө азык-түлүк кайрадан кымбаттай баштады (видео)

2553

АКШ долларынын курсу кескин көтөрүлүп, акча алмаштыруучу жайларда 1 чет элдик валюта 83 сомдон сатыла баштады. Октябрь айынын башталышында эле ал 79 сомдун тегерегинде болуп туруп, бирок көп өтпөй көтөрүлүп баштаган болчу. Бул өз кезегинде базарларда күнүмдүк тамак-ашка болгон баалардын да көтөрүлүүсүнө себеп болгон.

Бул сапар да эт азыгы, айрым мөмө-жемиштер, өсүмдүк майы, ун жана кумшекердин наркы барган сайын кымбатоосу карапайым калкты түйшүккө салууда. Өкмөт кымбаттоону көзөмөлгө алыш үчүн бир өндүрүмдүн баасы 20 пайызга жогорулап, бир ай бою ошол наркында сакталышы керек экен.