Базар-Коргондо кой айдап бараткан кишини «Матиз» унаасы коюп кетти

929

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районундагы Сейдикум айылында кой айдап бараткан кишини «Матиз» үлгүсүндөгү унаа коюп кетип, жабырлануучу ооруканага жетпей каза болду. Бул тууралуу областтык Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматтарга караганда, кырсык ишемби күнү түнкү саат 9дар чамасында болгон. Анда 200дөн ашуун койду айдап бараткан 39 жаштагы малчыны Базар-Коргон районунун Чоң-Курулуш айылынын 61 жаштагы жашоочусу унаасы менен сүзүп кеткен.

Окуя болгон жерде маркумдун миңген аты менен кошо 14 баш кой да өлгөнү кабарланды. Бул факты боюнча райондук ички иштер бөлүмү териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.