Базар-Коргондо сел жүрүп, 10 турак үйдүн короосун суу каптады

6860

Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунда жаап өткөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары Арсланбап айылында жайгашкан 10 турак үйдүн короосун каптаган жана 1 сарайдын дубалын бузуп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Мындан сырткары, ички чарбалык унаа жолдун 1 миң метр, Кызыл-Алма сел өтүүчү сайынын 200 метр аралыгын кум шагылга толтуруп, бир электр мамычасын кулаткан.

Бактыга жараша адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес. Жерине ӨКМдин Базар-Коргон райондук бөлүмүнөн ыкчам топ, атайын комиссия, айыл аймактан 1 экскаватор жана жергиликтүү тургундардан 50 адам тартылган. Натыйжада сел сууларынын нугу бурулуп, 3 турак үйдүн короосу сел сууларынан тазаланган. Селдин кесепеттерин жоюу иш-чаралары бүгүн улантылат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.