Базар-Коргондо жоголуп кеткен 5 жашар баланы жүздөн ашуун адам издөөдө

1148

Базар-Коргондо 4 күн мурда жоголгон 5 жашар бала дагы деле табыла элек. Издөө иштерине 40 куткаруучу, 28 милиция кызматкери жана 65 жергиликтүү тургун тартылып, жалпысынан 133 адам бөбөктү издеп жатат. Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун Акман айылында 5 жаштагы Эдилбек өзүнүн үйүнүн жанында велосипед тээп жүрүп, жоголуп кеткендиги кабарланган.

Анын үйү Жаңы-Акман айылындагы каналдын жанында жайгашкандыктан, ал сууга түшүп кетиши мүмкүн делген версия каралууда. Эдилбектин велосипеди өз үйүнөн 150 метрдей жогору жерде суудан табылган.
Учурда издөө иштерине Ош областынан 7 суучул келип, жардам көрсөтүп жатышат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.