Базарда курулуш материалдары 2 эсеге кымбаттады (видео)

1696

Өлкө базарларында акыркы 8 айда эле курулуш материалдары 2 эсеге кымбаттады. Өзгөчө чет өлкөлөрдөн ташылып келген тактай, темир менен өлкөдө өндүрүлгөн цементтин баасы асман чапчып жатыптыр.

Базардагы сатуучулар курулуш материалдары кымбат келип, соода начар болуп жатканын айтып нааразы болушса, үй тургузуп жаткандар кымбатчылыктан улам курулушу токтоп калганына бушайман. Ал арада адистер бул көрүнүш дагы бир катар тармактарга таасирин тийгизе баштайт деп чоочулашууда.