Базарда Кытайдан келген азык-түлүк өтпөй калды (видео)

1817

Коронавируска байланыштуу өлкө базарларында Кытайдан келген азык-түлүктөр өтпөй калды. Кардарлар кооптонуп, айрыкча жашылча жемиштерди албай жатышат. Мындан улам соодагерлер ири көлөмдөгү зыянга учурайбыз, деп кооптонушууда.

Кошуна өлкөдө жаңы вирус тарагандан бери, ал жактан товар ташуу дагы токтотулган. Бул базардагы абалга таасирин деле тийгизбейт, дешет адистер. Анткени учурда башка өлкөлөрдөн импорттоо каралууда. Ошол эле учурда 1-февралдан тарта Кытайдан товар ташуу жанданабы же тыюу салуунун мөөнөтү узартылабы азырынча аткаминерлер чечише элек.