Базарда жасалма жумурткалар пайда болдубу? (видео)

855

Сарысы желимдей чоюлган жумуртка Кытай же Өзбекстандан келген жасалма азык болушу мүмкүн. Мындай билдирүүнү канаттууларды багуучулардын ассоциациясынын өкүлдөрү айтып чыгышты. Эске салсак, Оштун тургуну интернетке видео таратып, анда базардан сатып алган жумурткалары желимге окшош экенин айткан. Чындыгында эле азыктын курамы өтө нык келип, үбөлөнбөйт.

Жумуртканын жарамдуулук мөөнөтү өтүп кетсе дагы, ал ушундай абалга келерин адистер айтышууда. Ал арада Түштүк борбордун базарларындагы сатуучулар да соода жайларга кошуна өлкөлөрдөн жасалма азыктар келип жатканын айтышып, нааразы болушууда.