Базардагылар өрттөн калган товарды сатышууда (видео)

819

Бишкектеги «Берекет» базарындагы өрттө жарым-жартылай күйгөн товарларын соодагерлер көчөгө алып чыгып сатууга аргасыз болушууда. Алар Ош базарынын Кулиев көчөсүнүн эки тарабында соода кылып жатышат. Товарлары күйүп, миллиондогон чыгымга учурагандар айласыздан мындай кадамга барып жатышканын айтышат. Кээ бирлери соодасын кайрадан баштоо үчүн карызга товар алып жатышса, башкалары өрт жалмап кеткенден калган буйум-тайымдарды текейден арзан сатууда. Көчөдөгү соода ордунан дагы айрылып калбаш үчүн соодагерлер машинелеринде түнөп жатышыптыр.