Базарларда азык-түлүктүн баалары көтөрүлүүдө (видео)

2066

Өлкөдө жыл башынан бери доллардын курсунун 15-16 сомго көтөрүлүшү базарларда азык-түлүктүн бааларынын да бир кыйла өсүп кетүүсүнө алып келди. Мисалы, буга чейин 1 литри 100 сомдун тегерегинде сатылып жаткан өсүмдүк майы учурда 150 сомго чыкты.

Буга кошумча, кумшекер, жумуртка жана чет жактан ташылып жаткан мөмө-жемиштер дагы кымбаттай түшкөнү байкалууда. Сатуучулар муну товарлар тыштан кымбат келип жатканы менен түшүндүрүшүүдө. Азык-түлүктүн кымбатташы өзгөчө чөнтөгү жука, чама-чаркы чакталуу үй-бүлөлөргө, кары-картаңдарга оор келүүдө.