Базарларда азык-түлүктүн баасы кандай? (видео)

1336

Соңку эки ай ичинде айрым айыл-чарба продукцияларынын наркы кескин жогорулады. Бул тизмеге буудай, күрүч, эт, картошко жана ун азыктары кирет. Улуттук статистика комитети бул продукциялар ар кайсы областта ар кандай нарк менен сатылып жатканын маалымдады.

Учурда тамак-ашка болгон баа аталган мекеме тарабынан мониторингге алынып жатат. Биринчи керектөөдөгү товарлардын өткөн ай менен учурдагы баасын салыштыра келгенде, бир топ эле айырмачылыктар байкалат.