Базарлардагы өрт коопсуздугу (видео)

1059

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында жайгашкан базарлардын баары өрт коопсуздугун камсыздоо жагынан 40 пайызга гана жооп берет. Көбүндө өрт өчүрүүчү машина өтө турган жолдор каралган эмес. Ага кошумча, суу чыгуучу жерлердин үстүнө соода орундары жайгаштырылып, атайын гидранттарга жетүү кыйынчылыктар менен коштолууда. Белгилей кетсек, Ош базарында чоң өрт чыккандан кийин, тиешелүү органдар Бишкектеги соода жайларын текшерүүнү баштады. Рейд учурунда коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери да жүргүзүлүп жатат.