Базарлардын жетекчилери соода жайларында тартип орното алабы? (видео)

828

Эми базарларда тартип сакталбаса, ал соода жайларынын жетекчилери административдик жоопкерчиликке тартылат. Ал эми эреженин аткарылышын көзөмөлдөө салык кызматкерлерине жүктөлөт. Бул боюнча токтомдун долбоорун Экономика министрлиги коомдук талкууга чыгарды. Ага ылайык, эми соода орундарын ижарага берип жаткан базар жетекчилери сатуучуларга тийешелүү шарттарды түзүп берүүгө милдеттендирилет.

Ал талаптарга ылайык, тез бузулуучу азык-түлүктөрдү саткандар атайын кийим менен камсыздалууга тийиш. Өрт коопсуздугу жана тазалык нормалары сакталып жатканын ар дайым көзөмөлдөп туруу милдети базар жетекчилигине жүктөлөт. Учурда документ коомдук талкууга чыгарылды. Мындай өзгөрүүлөргө соода жайларынын ээлери жана анда иштегендер даярбы?