«Бажагейт» чырынан улам дагы 3 жетекчи кызматынан кол жууйбу? (видео)

849

Дагы бир чуулгандуу иш боюнча түзүлгөн парламенттик комиссиянын жумушу солгундап бараткандай. «КТ Мобайл» компаниясынын айланасындагы ызы-чууга байланыштуу комиссиянын отуруму ушуну менен 3-жолу жылдырылды.

Буга чейин ачык жыйын 2 эле жолу болуп, алгачкысында ачуу сындар айтылып, комиссияга кирген депутаттар катуу билдирүүлөрдү жасашкан. Экинчи отурумда эле эл өкүлдөрү жумшарып, мокой түшкөндөй болушту. Эми болсо жыйын өткөрүү машакатка айлангандай.