«Бажагейт»: комиссиянын корутундусу даяр (видео)

1141

«КТ Мобайл» компаниясынын айланасындагы ызы чууга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин моралдык жоопкерчилиги бар. Бул маселеге байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссия корутундусун чыгарды. Комиссия 2 ай мурда түзүлүп жатканда, бул иштин алкагында өкмөт башчысы баш болгон бир топ аткаминерлер отставкага кетерин айтышып, катуу билдирүүлөрдү жасашкан.

Бирок 2 отурумдан кийин эле комиссиянын жумушу солгундап, кийинчирээк отурумдарды жабык өткөрүү аракеттери көрүлгөн. Ал эми депутаттардын шаабайы сууп, мокой түшкөнү байкалды. Маселе күтүлбөгөн жерден парламенттин күн тартибине киргизилди.