Бажы башкармалыгынын бир нече кызматкерине кылмыш иши козголду

805

Борбордук бажы башкармалыгынын жана түндүк-чыгыш бажы бөлүмүнүн бир нече кызматкерине “Коррупция”, “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Кызматтык жасалмалык” беренелери менен кылмыш иши козголду.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, ушул жылдын май айынан июнь айына чейин аталган эки бөлүмдүн кызматкерлери 2 жеке фирманын өкүлдөрү менен сүйлөшүп алып, бажы төлөмдөрүн жашырып жүргөнү аныкталган. Тагырак айтканда, Кытайдан ташылып келген товарлар үчүн 18 миллион сом бажы төлөмү мамлекеттин бюджетине түшпөй калган.

Белгилей кетчү нерсе, жыл башынан бери Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук жана аймактык бөлүмдөрүнүн бир нече кызматкерине коррупция боюнча он чакты кылмыш иши козголгон.