«Бажы-гейт»: Матраимовдордун карааны (видео)

868

Кыргызстандан чыгарылган 700 миллион долларга бир тууган Матраимовдордун тиешеси бар деген маалыматты Финансы полициясы текшерет. Башкы прокуратура экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына текшерүүгө «Азаттыктын» журналисттик иликтөөсүнүн көчүрмөсүн жибергени белгилүү болду. Ал видеоматериалда бир тууган Матраимовдорго тийиштиги бар делген компаниялардын жана ишкерлердин чет өлкөлөргө миллиондоп которуп, кайра башка жол аркылуу кайтарылган акчалары тууралуу баяндалат.

Буга чейин мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата «мыйзамсыз баюу» фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Анын жыйынтыгы, 5 айдан бери чыкпай жаткан маалда журналисттер аз эле убакытта көп иштерди таап, аны документтердин түп нускасы менен далилдеп беришти. Эми буга күч түзүмдөрү эмне дейт?