Бажы кызматкерлерине пара берип жаткан жеринен чет элдиктер кармалды

755

Бажы кызматкерлерине 18 миллион сомдон ашык пара берип жаткан жеринен чет элдиктер кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, шериктештик өлкөлөрүнүн биринин төрт жараны бажы жана салык төлөмдөрүн жашыруу максатында 100 миң евро жана 138 миң 600 доллар пара берип жаткан учурда колго түшүрүлгөн.

Анда Евразия экономикалык биримдигинин аймагына товарларды мыйзамсыз алып кирүүнү жана контрабандалык ишмердүүлүккө бөгөт коюу максатында атайын операция жүргүзүлгөн. Чет элдик жарандар «жалган транзит» аркылуу тамеки продукциясын жана башка товарларды алып өтүү үчүн документ жасоону көздөшкөн.

Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө. Бул факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан «бажы жыйымдарын төлөөдөн баш тартуу»,»кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шыкакчы болуу» жана «пара берүү» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.