Бажы кызматкерлерине төрт берене боюнча кылмыш иши козголду

747

Башкы прокуратура бажы кызматында иштегендерге төрт берене боюнча кылмыш ишин козгоду. Тергөө учурунда айрым бажычылар жана башка адамдар былтыр август айынан октябрга чейин автоматташтырылган системанын сыр сөзүн жана логинин пайдалануу менен ага мыйзамсыз кирип, бажы процедураларын жасап жүргөнү аныкталган. Муну менен Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөлөргө болжол менен 143 млн сомдук материалдык зыян келтирилген.

Маалыматтарга караганда, Белорустан жана Европа өлкөлөрүнөн Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстанга ташылган товарларга транзит жана экспорт деп бажы процедураларын жасашкан. Бирок эң кызыгы ал товарлар Кыргызстандын аймагына кирген эмес.

Буга байланыштуу Башкы прокуратура “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “кызматтык жасалмачылык”, “аткезчилик” жана “бажы салыктарынан качуу” беренелери менен кылмыш ишин козгоду. Азырынча айыпталгандардын аты атала элек.