Бажы кызматында ички текшерүүлөр жүргүзүлөт (видео)

881

Бажы кызматында ички текшерүүлөр жүргүзүлөт. Бул аракеттер Түштүк-Казакстан областы боюнча мамлекеттик кирешелер департаменинин башчысынын орун басары Нуржан Тенлибаев кармалгандан кийин башталган. Ал адам кыргыз-казак чек арасындагы мыйзамсыз товар өткөрүүнү көзөмөлдөп келген деп шектелүүдө. Казакстандын мамлекеттик кызмат жана коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин маалыматында, Нуржан Тенлибаев чек арадагы бир нече бажы бекетин жеке өзү тескеп, ири суммада пара алып турган. Мындай жол менен ал эки жылда бир миллион доллардан ашуун мыйзамсыз киреше тапкан. Бул ишке кыргызстандык бажычылар тийиштиги болушу мүмкүн деген божомолдор дагы бар.