Бажы кызматында ички текшерүүлөр жүргүзүлөт

923

Бул тууралуу мекеменин жетекчисинин биринчи орун басары Шамиль Бердалиев билдирди. Анын айтымында, мындай аракеттер Түштүк-Казакстан областы боюнча мамлекеттик кирешелер департаменинин башчысынын орун басары Нуржан Тенлибаев кармалгандан кийин башталган. Ал адам кыргыз-казак чек арасынан өтүүдө жеке ишкерлерди калкалап туруу үчүн акча алып турган деп шектелүүдө.

Казакстандын мамлекеттик кызмат жана коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин маалыматында, Нуржан Тенлибаев кол алдындагы 4 көзөмөл өткөрүү жайынын жетекчилерин бул ишке кириптер кылган. Ишкерлерден системалык түрдө пара алуу дал ошол жетекчилер аркылуу жүргүзүлүп турчу. Мыйзамсыз алынган акчанын жалпы суммасы 2 жылдын ичинде 1 миллион доллардан ашкан.

Интернетте казакстандык аткаминер Нурлан Тенлибаевдин жашаган үйү тартылган видео чыккан. Мында хансарайдын ичи абдан бай жасалгаланып, кымбат эмеректер менен толтурулган. Мындай үйдүн баасы канчага бааланары азырынча айтыла элек.