Бажы кызматында иштегендерге кылмыш иши козголду (видео)

702

Башкы прокуратура Бажы кызматында иштегендерге төрт берене боюнча кылмыш ишин козгоду. Тергөө учурунда айрым бажычылар былтыр август айынан октябрга чейин автоматташтырылган системанын сыр сөзүн жана логинин пайдалануу менен ага мыйзамсыз кирип, бажы процедураларын жасап жүргөнү аныкталган. Мындай жол менен Евразиялык экономикалык биримдикке кирген мамлекеттерге болжолдуу түрдө 143 млн сомдук материалдык зыян келтирилген. Азырынча айыпталгандардын аты, саны жана бул ишке кайсы өлкөлөрдүн өкүлдөрү тиешелүү — ачыкталган жок. Тергөөнүн жүрүшүндө дагы көптөгөн фактылар чыгышы мүмкүн.