Бажы кызматынын айрым кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

746

Мамлекеттик бажы кызматынын айрым кызмат адамдарына карата мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Башкы прокуратура кабарлагандай, иш «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча ачылды.

2014-жылдын август айында, Мамлекеттик бажы кызматынын ошол кездеги төрагасынын буйругу менен, бажы органдарынын кызматкерлерине, жылдын экинчи чейреги үчүн 3 миллион 303 миң 964 сом акчалай сыйлык мыйзамсыз берилгени аныкталган.

Белгилей кетсек, 2014-жылдын августунда өлкөнүн Бажы кызматын Адамкул Жунусов жетектеп турган. Кылмыш ишин иликтөө Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө башкармалыгына тапшырылды.