Бажы кызматынын дагы бир жетекчиси З. Ниязалиев кармалды (видео)

1210

Нурбек Айбашевдин аркасынан бажы кызматынын төрагасынын орун басары Замирбек Ниязалиев кармалды. Ал жарым жыл ичинде эле чек арадан оор жүк ташуучу 90 машина менен товарды мыйзамсыз алып өтүүсүнө жол ачкан деп айыпталууда. Мунун натыйжасында, бул ишти жасаган жеке ишкана бажы төлөмдөрүнүн көп түрүнөн бошотулуп, бюджетке абдан ири суммадагы зыян келтирилген. Учурда бул факты боюнча 3 берененин негизинде кылмыш иши козголуп, кармалган жетекчилер тергөө иштери аяктаганча камакта болушат. Расмий маалыматтар боюнча, 2 жылдын ичинде бажы тармагындагы жемкорлук боюнча 99 кызматкерге кылмыш иши козголгон. Алардын көпчүлүгү мурда иштеп кеткендер экени айтылууда.