Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Райымбек Матраимов чектен чыгып кетти

1502

Анын кол алдында иштегендер 3-сентябрь күнү Кара-Суу шаардык кеңешке шайлоо болуп жатканда добуш берүү тилкелеринде көзөмөл жүргүзүп турушкан. Бул тууралуу бүгүн «Республика-Ата Журт» фракциясынын отурумунда айтылды.

Депутаттар өткөн жекшемби күнү Кара-Суу шаарында добуш берүү учурунда болгон мыйзам бузуулар тууралуу маселени карашты. Эл өкүлдөрүнүн айтымында, мамлекеттик кызматкерлер шайлоого аралашып, мыйзамды одоно бузуп жатышат.