Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Замирбек Ниязалиев кармалды

923

Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Замирбек Ниязалиев кармалды. Ал тергөө аяктаганча камакта болот. Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, ал Кытайдан келген товарлардын бажыда мыйзамсыз катталуусуна байланышы бар деп шектелип жатат. Замирбек Ниязалиев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, коммерциялык уюмдардын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу жана бажы төлөмдөрүн төлөөдөн четтөө боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында колго түшүрүлгөн.

Ушундай эле айыптоолор менен, буга чейин “Түндүк» темир жол бажысынын мурдагы жетекчиси Нурбек Айбашев кармалып, анын үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн. Анда алтын кол сааттар, баалуу буюмдар жана бир нече адам жазып берген миллиондогон доллар береселери тууралуу тил каттар табылган.

Нурбек Айбашев бажы тармагында жетекчилик кызматтардын биринде туруп, Кыргызстандан Кытайга тери жөнөтүүдө бажы төлөмдөрүн мыйзамсыз жеңилдеткен, териден жасалган буюмдардын кайра өлкөгө кирбей калышына жол берген, деп айыпталган. Мунун кесепетинен мамлекетке бажы төлөмдөрү түшпөй, 166 миллион сомдон ашуун зыян келтирилгени айтылууда.