Бажы кызматынын жетекчиси Алмаз Оңолбеков Казахстанга жөнөп кетти

809

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы кырдаал оорлошкондуктан, түндө Бажы кызматынын жетекчиси Алмаз Оңолбеков Нур-Султан шаарына жөнөп кетти. «Ак-Тилек — Автожол» көзөмөл өткөрмө бекетинде кезекте турган оор жүк ташуучу автоунаалардын саны азайган жок.

Бул жакта тыгын 19-мартта кечинде, Нурсултан Назарбаев отставкага кеткенин жарыялагандан кийин башталган. Казакстан тарап текшерүүнү күчөткөндүктөн, күнүнө аз гана унаа өтүп жатат. Алардын көбү документтери туура эмес деген жүйөө менен артка кайтарылууда.

Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери чек арага жакын жерге чатыр тигип, айдоочуларга ысык тамак берип жатышат. Кыргызстандын Экономика министрлиги Казакстан ЕАЭБдин келишимдерин аткарбай жатат деген билдирүү тараткан. Эгер чек арада абал оңолбосо, Бишкекке Евразиялык экономикалык биримдиктин комиссиясы чакырылаарын эскерткен.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.