Бажы тармагындагы коррупция боюнча 99 кызматкерге кылмыш иши козголду

1072

Акыркы 2 жылда бажы тармагындагы коррупция боюнча 99 кызматкерге кылмыш иши козголду. Алардын тогузу — мурдагы кызматкерлер. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Шамиль Бердалиев маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, 2017-2018-жылдары 15 жемкорлук фактысы катталып, мамлекетке 450 миллион сом зыян келтирилген.

Белгилей кетсек, Бажы кызматында бир топ жылдан бери жетекчилик кызматтарда иштеп жүргөн Шамиль Бердалиевдин өзүнө карата да быйыл эле кылмыш иши ачылган. Ал 354 кымбат баалуу машиналарды трактор деп каттатып, бажы салыгын азайтып, мамлекетке зыян келтиргени маалымдалган.

Жакында эле бул маселени Жогорку Кеңештин депутаттары көтөрүп, кылмыш иши эмнеге токтоп калганына кызыгышкан. УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов кылмыш иши азыр тергелип жатканын, бирок Шамиль Бердалиевге айыбы угузула электигин билдирген.