Бажы тармагындагы коррупцияны атайын комиссия иликтейт (видео)

981

Бажы тармагындагы коррупцияны иликтөө боюнча коомдук-парламенттик комиссия түзүлөт. Мындай демилге жарандык активисттер тарабынан көтөрүлдү. Казакстандын өкмөт башчысы бажыдагы контрабанда тууралуу айтып чыкканга чейин эле, беш жыл мурда биздин эксперттер эсептешкен. Анда 5 жыл ичинде Кытайдан ташылган жүктүн көлөмү боюнча айырма 23 миллиард сомдон ашаары аныкталган. Кемчиликтер ошол кезде жоюлганда жарандарыбыз мынчалык азап тартмак эмес, дешет эксперттер. Бул маселе тегерек столдо коомдук активисттер тарабынан айтылды. Бирок иш-чарага чакырылган тийешелүү аткаминерлер келбей койгон.