Бажычылардын жана салыкчылардын коррупциялык схемасы аныкталды

779

Бажы жана салык кызматтарынын кызматкерлеринин катышуусундагы ири коррупциялык схема аныкталып, анын кесепетинен 217 миллион бюджеттик акча мыйзамсыз чыгарылып кеткени аныкталды. Улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитети салык жана бажы органдарынын имараттарында кеңири масштабдагы ыкчам-иликтөө операцияларын өткөрдү.

УКМКнын маалыматына караганда, айрым юридикалык жактар Кытайдан импорттолгон товарларга кошумча нарк салыгын ашыкча төлөп алганы тууралуу жалган документтерди жасап, тийиштүү мамлекеттик органдарга берип турушкан. Кийин ал акча мамлекеттик бюджеттен кайтарылып берилип турган.

Бул коррупциялык схемага ылайык, бул иштерге салык жана бажы кызматтарындагы айрым кызматкерлер менен жең ичинен келишимге барган тараптар катышкан. Бул иштер 2016-2017 жылдары болуп, алар боюнча буга чейин эле кылмыш иши ачылып, иликтенип жатканы кабарланды.