Бажыдагы 166 миллионду кимдер “жеп” алышкан? (видео)

701

Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусов табыла элек. Анын кайда экени август айынан бери белгисиз болуп, кечээ күнү ага издөө жарыяланганы кабарланды. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын билдирүүсүнө караганда, мурдагы жетекчи өзгөчө оор кылмышка шектелүүдө жана тергөө ишин калыс жүргүзүүгө тоскоолдук кылып качып жүрөт.

Эске салсак, жаз айларынын соңунда Бажы кызматындагы коррупциялык аракеттерден улам өлкө бюджетине 166 миллион сом зыян келтирилгени аныкталган. Көп өтпөй, бул иштин алкагында мекемедеги 2 жетекчи камакка алынган. Жай айларында болсо Адамкул Жунусовго кылмыш иши козголгон болчу. Бажыдагы ири өлчөмдөгү акчалар кантип сол чөнтөктөргө түшүп турган?