Бажыдагы коррупциялык схемалар боюнча чечкиндүү кадам жасалабы? (видео)

790

Бажыдагы кемчиликтер жоюлбаса, чек арадагы күчөтүлгөн көзөмөл алынбайт. Мындай билдирүүнү Казакстандын каржы министрлигинин өкүлдөрү шилтеме жасап, кошуна өлкөнүн бир катар маалымат каражаттары жазып чыгышты. Казакстан аткаминери Кыргызстан, Кытайдан кирип жаткан товарлар боюнча маалыматты ачык көрсөтүшү керектиги жана бул багытта чогуу иш алып барууну сунуштаганын айтат. Бирок Бишкек буга кызыкдар болбой жатат деген өңүттө маалыматтар таратылууда. Эксперттер дагы Кыргызстандын бажы тармагындагы коррупциялык схемалар эл аралык деңгээлде айтылса дагы, өкмөт тарабынан чечкиндүү кадам жасалбай жатканына таң калышууда.