Бажыдагы коррупцияны алдын алуу аракети (видео)

1700

«Торугарт» көзөмөл өткөрмө пунктундагы «инспектордук кароо» комплекси 10-декабрда расмий түрдө иштей баштайт. Бул стационардык жабдык коррупцияны алдын алып, бажычылардын ишин жеңилдетет деп белгиленүүдө.

Акыркы айларда Бажы кызматынын дарегине айтылган сын-пикирлерден улам, мекеме журналисттер үчүн Нарындагы «Торугарт» көзөмөл жайына жана Чүйдөгү «Кант» бажы тариздөө пунктуна пресс-тур уюштурду.