Бейөкмөт уюмдар өкмөткө көз каранды болобу? (видео)

2349

Өлкөдөгү бейөкмөт уюмдар өкмөт койгон шарттын негизинде отчет берүүгө милдеттендирилиши мүмкүн. Учурда бул жааттагы документ коомдук талкууда. Мыйзам долбооруна коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү караманча каршы.

Айтымдарында, бул аракет алардын ишмердүүлүгүнө бут тосуп, адам укуктарынын корголушун чабалдатат. Демилгечи депутат болсо бейөкмөт уюмдарына эч кандай чектөө жок экенин, бул аракет болгону финансылык маалымат берүү менен чектелерин гана айтууда. Бул өлкөнүн коопсуздугу үчүн керек, дейт депутат.