Бейтаптан 30 миң сом пара талап кылган дарыгер колго түшүрүлдү

825

Пара талап кылуу фактысы боюнча дарыгер кармалды. Бул тууралуу Укук коргоо органдарынан кабарлашты. Маалыматка караганда, Улуттук госпиталдын көз оорулары боюнча бөлүмүнүн башчысы колго түшүрүлгөн.

Кылмышка шектүү Салтанат Иманбаева экени айтылууда. Ал көзгө операция жасоо үчүн бейтаптан 30 миң сом талап кылган. Дарыгер соттун чечими менен үй камагына бошотулганы белгилүү болду.

Жыл башында Улуттук госпиталдын №1 көз микрохирургия бөлүмүнүн жамааты жетекчиси Салтанат Иманбаевага каршы Ак үйдүн алдына митингге чыгып, аны башчылыктан кетирүү талабын коюшкан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.