Бейтаптар көп, бирок ооруканада шарттар жок (видео)

1334

Бейтаптар көп бирок тиешелүү мекемеде шарттар жок болууда. Оштогу Онкологиялык борбор жаңы имаратка муктаж. Аталган мекеме 2010-жылдан бери мурдагы бала-бакчанын эски имаратында ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Анда медициналык мекемеге зарыл болгон шарттар дээрлик жок. Коридорлору тар, палаталары өтө кичинекей. Ал эми лифт жок болгондуктан, медициналык кызматкерлер бейтаптарды бир кабаттан экинчи кабатка колго көтөрүп ташышат. Түштүк аймактагы Онкологиялык борбордогу шарттын жоктугунан, бейтаптар Бишкектеги Улуттук онкологиялык борборго келүүгө мажбур. Бирок баарынын эле борбор калаага каттаганга чама-чаркы жете бербейт. Эл аралык уюмдар болсо, Оштогу онкологиялык борборго жаңы, заманбап медициналык-техникаларды берүүгө даяр. Бирок аларды коерго жер жок.