Бейтаптар менен байланышта болгондор обсервацияга алынууда (видео)

1546

Кыргызстанда дагы 13 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдында түзүлгөн штабдын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов брифингде билдирди.

Жаңы типтеги вирус аныкталгандардын арасында Бишкек шаарында — 1, Нарында — 3, Ысык-Көлдө — 2, Чүйдө — 1, Ошто — 5 жана Жалал-Абадда — 1 адам бар. Муну менен өлкөдө жаңы типтеги вирусту жуктугандардын саны 107ге жетти. Учурда жаңы жуктургандар менен байланышта болгон адамдар аныкталып, обсервацияга алынууда.