Бейтаптарды дарылоодо алешемдиктер орун алганбы? (видео)

2244

Коронавируска кабылган бейтаптарды дарылоодо улам жаңы жагдайлар пайда болууда. Башкы прокуратура иликтеп чыкса, дагы көп фактылар ачыкка чыгышы мүмкүн. Июлдагы оор күндөрдө жакындарын жоготкондор башкы көзөмөл органга арыз даярдап жатышат. Ага кошумча, вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева дагы Башкы прокуратурага кайрылып, бейтаптарды дарылоодогу алешемдиктер боюнча бир нече фактыларды келтирүүдө.

Ошондой эле, коронавируска каршы күрөшүүгө бөлүнгөн финансылык каражаттар кайда кеткени, гуманитардык жардамдар кандай бөлүнгөнү боюнча отчёт берилбегенине жарандар нааразы. COVID-19 дагы көптөгөн коррупциялык иштердин бетин ачабы?