Бейтаптардын акчасына кол салгандар (видео)

1424

Рак илдетине чалдыккан бир нече айым «чөнтүкчүлөргө» кайрылып, алардын уурдалган каражатын кайтарып берүүсүн өтүнүштү. Окуя 1 апта мурда Бишкек шаарындагы «Мадина» базары тарапта катталган. Буйрутма менен баштык тигип сатып, дары-дармегине акча тапкан айымдар кездеме алуу үчүн соода жайына бара жатышканда акчаларын «чөнтүкчүлөр» уурдап кетишкен.

Ал 18 миң сом акча онкологиялык ооруга чалдыккан адамдардын өздөрү иштеп тапкан каражаты болгон. Андыктан алар баштык тигип сатуу, анын арты менен оор илдетке делген дармектерди алуу мүмкүнчүлүгүнөн куру калышкан.