Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров эркиндикке чыгышты (видео)

1223

Абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулган Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров кайрадан чоң саясатка аттанууга даяр. Алар Бириккен Улуттар уюмунун адам укуктары боюнча комитетине кайрылышкан. Жана жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кылмыш иштерин кайра каратып, акталып чыгууга аракет кылаарын билдиришти.

Ал арада, “Саясий туткундарды коргоо» коомдук комитетинин өкүлдөрү саясий позициясы үчүн соттолгондордун саны 30га жетерин айтышат. Алардын арасында мурдагы депутаттар, министрлер жана өздөрүн «Элдик парламент» деп атаган топтун өкүлдөрү да бар.