Беларусь 80 өлкө үчүн 30 күндүк визасыз режим киргизет

576

Президент Александр Лукашенко 24-июлда 80 өлкөнүн туристтерине Беларус аймагында 30 күнгө калууга уруксат берген жарлыкка кол койду. Алардын арасында Европанын 39 өлкөсү, АКШ, Австралия жана Жапония бар.

Лукашенконун жарлыгы ал жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет. Документте жаңы тартип туристтик секторду андан ары өнүктүрүүгө, Беларусту спорттук мелдештерди жана фестивалдарды өткөргөн жаңымдуу өлкөгө айландырууга багытталганы белгиленген.

Беларуска 30 күн визасыз кирүү укугунан Минсктеги башкы аэропорт аркылуу учуп келген жана учуп кеткен туристтер колдоно алат. Беларус-орус чек арасын кесип өткөндөр үчүн жаңы тартип иштебейт. Себеби ал жактагы көзөмөл-өткөрмө бекеттер тиешелүү деңгээлде жабдылган эмес.