Белгилүү комузчу Руслан Жумабаев каза болду

2113

Белгилүү комузчу Руслан Жумабаев Бишкектеги ооруканалардын биринде көз жумду. Маалыматтарга караганда анын бөйрөгү ооруп жүргөн. Руслан Жумабаев Кыргыз улуттук консерваториясында, «Ордо сахна» тобунда иштеп келген.

Ал 2016-жылы өткөн Экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанатында Атай Огонбаевдин “Маш ботой” күүсүн чертип, аны миң комузчу коштогон.

Жумабаев болгону 45 жашта болчу. Анын сөөгү кичи мекени Нарында жерге берилет.