НТС Уланбек Эгизбаевдин туугандарына жана жакындарына көңүл айтат

868

Кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурады. Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Атада каза тапты. Ал 28 гана жашта эле. 23-июлда саат саат 11:00дө «Азаттыктын» Бишкектеги кеңсесинде журналист Уланбек Эгизбаевди эскерүү жыйыны өтөт.

Иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаев коомдогу курч маселелерди, көйгөйлөрдү иликтеп, кыргыз элине кеңири таанылган жигит болчу. Ал “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасы үчүн бир катар резонанс жараткан иликтөөлөрдү жасаган.

Азырынча Ысык-Көлгө түшүп, эс алууга барган жеринен сууга чөгүп каза болгону кабарланды. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги журналист кырсыктаган жерге тергөөчүлөр тобун жөнөттү. Министрликтин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов буларды айтты:

— Келинчеги экөө “Акун” пансионатында эс алып, бүгүн кайтмак экен. Чыгар алдында ал «көлгө бир түшүп келейин» деп кетиптир. Көлгө түшүп жатып чөгүп кеткенин элдин баары көрүптүр, “Тез жардам” чакырып, ооруканага жеткенде каза болгон экен. Суудан алып чыкканда эсине келип-келбей турган деп айтып жатышат. Окуяны Ички иштер министрлиги өз көзөмөлүнө алды.

Уланбек Эгизбаев 1990-жылы 12-февралда Кочкор районунда туулган.

Ал 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган.

2012-жылы «Агым» гезитинде кабарчы болуп иштеген.

«Азаттык» радиосунда 2013-жылдан тарта иштей баштаган. Бирок студент кезинен тарта биздин сынактарга катышып, интернет сайтыбызга кызыктуу пикирлерин жарыялап келген.

«Азаттыктын» 2011-жылы Кыргызстандын эгемендигинин 20 жылдыгына байланыштуу мыкты ой толгоолор үчүн жарыялаган сынагында жалаң «К» тамгасынан түзүлгөн «Келечек колубузда…» баяны менен баш байгени утуп алган.

Уланбек Эгизбаев соңку эки айда Тарых музейиндеги мумия баш болгон экспонаттардын чоо-жайын (иликтөөнүн аталышы: «Саясатташкан мумия»), Бишкекте жана анын тегерегинде өрчүп кеткен көрүстөн сатуу бизнесин (иликтөөнүн аталышы: «Көрүстөндөгү коррупция») иликтеген. Анда Эгизбаев кабырлар кызылдай акчага сатыларын, көрлөр тирүү адамдарга да алдын ала сатылып кеткенин айтып чыккан. Айрым учурларда ага телефондон коркутуп-үркүтүүлөр, түшүнүксүз каттар келгени маалым болгон.

Ал өзгөчө бажы тармагындагы шектүү иштер, коррупциялык амалдар тууралуу бир катар материалдарды даярдаган.

Эгизбаев туура бир ай мурда ардагер журналисттердин колунан “Алтын калем” сыйлыгын алган. Сыйлыкты публицист Кален Сыдыкова коомдогу талылуу маселелерди тартынбай элдин алдына алып чыгууга кудуреттүү жаш жана таланттуу журналисттерди колдоо максатында уюштурган.

Уланбек Эгизбаев 2016-жылы Эгемендиктин 25 жылдыгына карата Ардак грамота менен сыйланган.

2016-жылы анын кочкорлук окуучу Нургазы тууралуу тарткан “Кыял” даректүү тасмасы дүйнөлүк Webby Awards же Интернет-Оскар сыйлыгын жеңип, тасма авторлору Нью-Йоркко барып келишкен.​

Уланбек Эгизбаев дагы бир тасма менен элдин эсинде калды. Журналист 25 жылдан бери Түп районундагы Долон кыштагынан Жылдыз айылына чейин ат менен барып-келип иштеген карапайым мугалим Кеңешбек Шоруков тууралуу «Жол» деп аталган тасма тарткан эле. Тасмада анын күн сайын эки сааттык азаптуу жолу жана мугалимдик кесипке болгон сүйүүсү чагылдырылган. Көп өтпөй “Жол” аттуу даректүү тасманын каарманы Кеңешбек Шоруковго «Эмгек сиңирген мугалим» наамы ыйгарылган.

«Азыркынын Дүйшөнү» тасмасы Нью-Йорк фестивалынын мыкты телеберүүлөрсынагынын күмүш медалын да жеңген.

Уланбек Эгизбаев журналисттик негизги кесибинен тышкары, коомдогу актуалдуу маселелерге карата жарандык позициясын ар дайым билдирип келгени менен айырмаланчу. Ал адилетсиздикке, мыйзамсыздыкка кайдыгер карап тура алчу эмес. Эмгекчилдиги, кандан-бектен кайра тартпаган курчтугу менен башкалардан айырмаланган өзгөчө жигит болчу.

Уланбек Эгизбаев өз материалында көтөргөн көйгөйлөр чечилип, ал эми анын каармандарынын тагдырлары жакшы жагына өзгөргөн учурлар арбын. Ал жаштыгына карабастан артына бай журналисттик мурас калтырып кетти.

НТС телекомпаниясынын жалпы жамааты журналист Уланбек Эгизбаевдин туугандарына жана жакындарына, ошондой эле «Азаттык» радиосунун жамаатына терең кайгыруу менен көңүл айтат.