Белгисиз адам 4-класстын окуучусун зордуктоого аракет кылды (видео)

853

Бишкектин мектептеринде коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Эми жалпы билим берүү мекемесине кирүү үчүн ата-энелер алдын-ала эскертүү жибериши керек. Мындай чечим ордо калаанын билим берүү башкармалыгы тарабынан чыгарылды. Буга Туңгуч кичи районундагы №73 орто мектептеги окуя себеп болду. Белгисиз адам коопсуздук кызматкерлерин алдап, кирип барып 4-класстын окуучусун зордуктоого аракет кылган. Катуу коркуп калган кыз учурда мектепке келбей, психологтордун көзөмөлүндө. Ал эми окуучунун мындай абалга тушугушуна жол берген бир кароолчу жумуштан бошотулуп, төрт мугалимге согуш жарыяланды.