Белгисиз адамдар мүрзөдөгү 91 эстеликти талкалап кетишти (видео)

706

Ысык-Көл областында православ христиандарынын мүрзөсүн талкалаган көркоолор табыла элек. Учурда жоруктар кодексинин негизинде ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу областтык милициядан кабарлашты. 11-январга караган түнү Ысык-Көл районунун Ананьево айылында православдарга таандык мүрзөдөгү 91 эстеликти белгисиз адамдар талкалап кетишкен.

Бул окуядан кийин премьер-министр өкмөт мүчөлөрүн кабыл алып, чара көрүүнү тапшырды. Ал арада Кыргызстан жана Бишкектин епископу Даниил билдирүү таратып, күнөөлүүлөрдү тезинен таап жазалоого, буга окшогон окуялар кайталанбашы үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырышты. Учурда эстеликтерди калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.