Белгисиз бирөөлөр жетелеп жүргөн арстандын баласы зоопаркка өткөрүп берилди

1253

Бишкекте белгисиз бирөөлөр көчөдө жетелеп жүргөн арстандын баласы Каракол шаарындагы зоопаркка өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Экотехинспекциядан кабарлашты. Адистердин айтымында, «Кызыл китепке» кирген жаныбардын баласын Ысык-Көл областынын тургуну багып жүргөнү аныкталган. Беш айлык арстанды Акжолтой деп атап коюшкан.

Бул жаныбар эл аралык конвенциясына киргизилген. Аны үй шартында багууга уруксат берилбейт. Себеби бир аз чоңойгондон кийин адамга кол салышы мүмкүн. Акжолтойдун эч кандай документи болгон эмес. Анын ээси тааныбаган адамдардан 2 миң долларга сатып алганын айткан. Ага “Кызыл китепке” кирген жаныбарды эч уруксаты жок алып жүргөнү үчүн миң сом айып пул салынган.

Буга чейин социалдык баракчаларда шаарда арстандын баласын жетелеген адам 200 сомго сүрөткө түшүрүп жатканы айтылган. Ошондон кийин мамлекеттик органдар жаныбарды издей баштаган.