“Белизгейт» деп аталган кылмыш ишинен «жашыруун» деген гриф алына элек

617

Бул тууралуу Башкы Прокуратурадан билдиришти.

Маалыматтарга караганда, буга байланышуу документтер Башкы көзөмөл органына келип түшө элек. Өткөн аптада аталган кылмыш ишинен «жашыруун» деген белгини алып салуу боюнча УКМКда комиссия түзүлгөнү маалымдалган. Анын жыйынтыгы чыгары менен материалдар Башкы прокуратурага жиберилиши керек болчу.

Бул боюнча Улуттук коопсуздук комитети азырынча комментарий бере элек.

Эске салсак, “Белизгейт» деп аталган кылмыш ишинде, бир топ саясатчылардын аты аталып, анда айрым депутаттар 2012-жылы “Альфа Телекомдун” мамлекетке өткөрүлө элек 50 пайыз акциясын сатууга аракет кылгандыгы тууралуу белгиленген. Белиз өлкөсүнөн бул аракеттерди тастыктаган документтер келгени да айтылган. Бирок, кийинчирээк бул документтердин түп нускасы жок экени тууралуу маалымат тараган.

Ал эми Башкы Прокуратура болсо бир топ саясатчылардын аты аталган кылмыш ишинде «жашыруун» деген гриф болгондуктан бул боюнча комментарий берүүгө маалымат жетишсиз болуп жатканын жана ал белгини алып салуу сунушун берген. Тиешелүү талаптарга ылайык, аталган грифти УКМК өзүндө комиссия түзүп, алып сала алат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.