«Белогорка» капчыгайында унаа аңтарылып, бир адам каза болду

570

Чүй областынын «Белогорка» капчыгайында автоунаа аңтарылып кетип, бир адам каза болду. Үч киши оор жаракаттар менен ооруканага жеткирилген. Алардын бири мурдагы транспорт министри Аргынбек Малабаев.

Милициянын маалыматына караганда, алар аңчылыкка бара жатканда кырсыкка кабылышкан. «Тойота Лэнд Крузер» үлгүсүндөгү унааны тоонун кыры менен айдап бара жатканда жолдон чыгып, ылдый тоголонуп кеткен. 38 жаштагы айдоочу ошол жерде жан берген. Унаанын ичинде үч жүргүнчү болгон.

Дарыгерлердин айтымында, жабыркагандардын абалы оор бойдон калууда. Мурдагы министр Аргынбек Малабаевдин үч кабыргасы сынып, мээси чайкалып, көкүрөк тушу жабыркаган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.