Белорустун Кыргызстандагы элчилигинин алдында митинг өттү

897

Бишкекте мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновду өлкөгө кайтарып келип, жазалоону талап кылган митинг өттү. «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү бүгүн Белорусь республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин алдына чогулушту. Алар атын өзгөртүп алып, учурда Минскте ээн эркин жүргөн Данияр Үсөновду экстрадициялоону суранышып, Александр Лукашенкого кайрылышты.

Апрель окуясы учурунда качып кеткен Үсөнов Кыргызстанга алып келинип, түрмөгө өмүр бою отурушу керек, дешет митингге чыккандар. Жакында эле массалык маалымат каражаттарына мурдагы премьер-министр атын Даниил Урицкий Тимурович деп өзгөртүп, Белорустун жарандыгын алганы кабарланган.

Ал азыр Минскте бир корпорацияны жетектеп жатканы да айтылууда. Божомолдорго караганда, бул мекеменин артында Бакиевдер турат.