Беловодск айылындагы мектеп урап калуу коркунучунда (видео)

944

Эскилиги эчак эле жеткен мектеп, уранды алдында калуу коркунучундагы балдар. Чүй областынын Беловодск айылындагы «Биринчи май» орто мектеби 2012-жылы эле жарактан чыгып калган. Бирок буга карабай балдар дагы деле кооптуу шартта билим алып келишет. Себеби бараарга башка жер жок. Жакында эле жааган жамгыр айрым класстардын шыбын түшүргөн. Жаңы мектептин имаратын салуу боюнча төрт жыл мурда эле чечим чыккан. Бирок курулуштан азыркыга чейин дайын жок.