Бензин 2 жумада түгөнүп, баасы кымбаттайбы? (видео)

1281

Кыргызстанда бензин 30 күнгө, ал эми дизель майы 20 күнгө гана жетет. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти. Эске салсак, кечээ күнү Жогорку Кеңештин отурумунда, өлкөдө 2 жумага жетерлик гана күйүүчү май калганын жана өкмөт бул маалыматты жашырып жатканы айтылган. Көп өтпөй, тиешелүү мекеме бул маалыматты четке кагып, өлкөдөгү бензин менен дизель майы бир нече айга жете турганын билдирген. Бүгүн болсо, өлкөдөгү мунай продукциясы бир айга гана жетээри, бирок учурда күйүүчү майды ташып келүү иштери жанданганы белгилүү болду. Ал арада майдын тартыштыгынан улам, акыркы бир айдын ичинде эле бензиндин орточо наркы 1-1,5 сомго кымбаттаган.